БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-сентябрда мамлекеттик иш сапар менен Индияга барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Программа боюнча алгач Агра шаарына барып, жубайы Зироатхон Хошимова менен Тадж-Махал комплексине зыярат кылды.
Андан соң Мирзиёев Нью-Дели шаарына сапар алып, ал жактан Индиянын ишкерлери менен жолукту. Бүгүн, 1-октябрда аны расмий салтанат менен тосуп алышты.