БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жашоочусунун үйүнөн катылган жерден нашаа жана мылтык табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча прокуратура 27-сентябрда Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тинтүү учурунда нашаа салынган 45 чакан баштык менен мергенчинин куралы табылган. Учурда жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.