Окуучуларды сактап калды. ЖКККББ маршрутка сүзүп кеткен инспектор тууралуу

Милиция кызматкерин бусик сүзүп кетип, ал ооруканага жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспектору өз өмүрүн тоболкелге салып окуучуларды сактап калган. Бул тууралуу ЖКККББ маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, бүгүн, 1-октябрьөда, борбор калаада Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу микроавтобус Бишкек ШИИБ ЖКККБдин инспекторун коюп кеткен. Анда милиция кызматкери окуучуларды жөө кишилер өтө турчу жерден өткөрүү үчүн айдоочуларды токтотуу үчүн жолго чыккан.

"Милициянын ага кызматкери Султаналиев жолдун ортосуна окуучуларды куткаруу үчүн чыга калган. Маршрутка сүзгөндө инспектор 10 метрдей учуп кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Жабыркаган инспектор Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Дарыгерлер инспектордун сан сөөгүн сынып кетиши мүмкүн деп божомолдошууда.

Шаардык милициядан бусиктин айдоочусу кармалганын кошумчалады.