"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Ногойбаев иштен алынды

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кызматкер "Кыргыз темир жолу" 3 млн. сом кымырганын айтты. Ногойбаев эмне дейт
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эске салсак, буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева мекеменин ичинде коррупциялык иштер бар экенин айтып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Асанбаева 2007-жылдан бери алыскы каттамга чыккан коштоочу болуп иштейт. Анын айтымында, поезддин начальниги адамдарды билети жок салып кетип, мунун айынан төрт айда мамлекет 3 миллион сом зыян тарткан.