Алар мамлекеттин колдоосунун негизинде ачылганын Мира Тургунбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү министрликке карыларга атайын борборлорду ачуу боюнча жалпысынан 53 долбоор келип түшкөн.
"Бул кадамдар атайын мыйзамдын негизинде, өкмөттүн тапшырмасы менен ишке ашууда. Бул багытта конкурс жарыяланган, министрликке жалпысынан 53 долбоор келип түштү. Алардын конкурстан уткандары учурда ачылып, өз иштерин баштады. Калгандары конкурстун экинчи этабын күтүшүүдө. Бул долбоордун максаты карыяларга ар тараптан көңүл буруу. Ачылган борборлор азырынча күндүзү гана иш алып барат. Улгайган адамдар ал жерге келип, кол өнөрчүлүк менен алектенип, баарлашышат. Андан сырткары түрдүү маданий иш-чаралар уюштурулуп турат. Ошондой эле карыялардын колунан жасалган эмгектер сатыкка коюлуп, аз да болсо түшкөн акча өзүлөрүнө берилет. Борборлордо тамак-аш берилбейт, бирок кан басымдарын ченеп, керектүү дары-дармегин берип туруучу дарыгерлер бар", — деди Тургунбаева.
Ал аталган борборлор жеке менчик болуп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланаарын кошумчалады.