БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнөткөн эки кыргызстандык Түштүк Кореяда миграция мыйзамдарын бузду. Бул туурасында аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, быйыл Сеулда Корея импортчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган Import Goods Fair аталышындагы эл аралык көргөзмө өткөн. Мындай иш-чараларда жергиликтүү ишкерлер менен компаниялар Кореянын рыногуна кирүүнү каалаган чет элдик ишкерлер менен жолугушат. Кыргызстандын атынан "КР курортчулар ассоциациясынын" өкүлдөрү келген.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча аталган ассоциациянын атынан Мирлан Усубалиевдин жетекчилиги алдында Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков бармак. Бирок элчилик аларга виза даярдап берүүдөн баш тарткан.
"Тилекке каршы Рысалиев менен Мирбеков Кореяга келгенден кийин кайра мекенине кетпей коюп, Кореянын миграциялык майзамдарын бузган. Алардын мындай кадамы Корея бийлигинин Кыргызстандын мамлекеттик органдарына болгон ишенимин жоготуп, мамилеге залака келтирет", — деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Мындан сырткары дипломатиялык өкүлчүлүк бул өлкөнүн имиджине доо кетирген мамлекеттик кызматкерлердин биринчи жолку эле жоругу эместигин белгилейт.
Эскерте кетсек, Сеул шаарында 22-сентябрь күнү Эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова мас абалында бир сааттан ашык жаңжал салып, анын айынан Алматыга уча турган учак эки саат кармалып калганы айтылган.
Бул окуядан кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны кызматынан алуу боюнча буйрукка кол койгон.