Жума күнү Индонезиянын Сулавеси аралында эки жолу катуу жер титиреп, Палу шаары эки метрлик цунаминин алдында калды. Акыркы маалыматтар боюнча жаратылыш кырсыгы 1200дөн ашык кишинин өмүрүн алып, 17 миңден ашуун киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ошондой эле 2,4 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж.
Көптөгөн өлкөлөр жардам жөнөтүүдө. Кырсыкка байланыштуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы Индонезиянын элине көңүл айтты.