Радио

Асылбаева: балдардын көбү түнт жана агрессивдүү болуп чоңоюуда

"Данакер" үй-бүлө бекемдөө борборунун психологу Перизат Асылбаева үй-бүлөнү план менен куруу керектигин айтты.
Sputnik
Асылбаев: балдардын көбү түнт жана агрессивдүү болуп чоңоюуда

Биздин менталитетте ата-энелердин көпчүлүгү балдарын түрткүлөп үйлөнтүп, плансыз үй-бүлөлөр курулуп жатат. Мындай пикирин Перизат Асылбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш үй-бүлөдөгү балдардын психологиясына терс таасирин тийгизип жатат.

"Мисалы, көбү үч жашка чейинки балдарын чоң апасына, же таенесине калтырып, чет жакка иштегени кетет. Бул балдар чоңойгондо түнт болуп, же болбосо агрессивдүү болуп калууда. Алар ата-энесин сагынышат. Күткөн маалда келбесе ачууланып, кусаланат. Бой жеткенде өздөрүнө да, улууларга да ишенбей, шек саноо пайда болот. Азыркы кезде балдардын көпчүлүгү үй-бүлө мээримин сезбей чоңойууда. Ошентип эртеңки келечектин ээлери жаштайынан жабыркап калууда", — деди Асылбаева.

Ал ошондой эле мындай факторлордон улам балдар жашоодон өз ордун таппай калышы мүмкүн экенин кошумчалады.