Кароосуз калган карыларды караган 70 жаштагы чыйрак кемпирдин жашоосу. Видео

Зинаида Лебедова 70 жашта. Ал ыктыярчы болгонуна сыймыктанып келет.
Sputnik

Турникте жаш жигиттей чимирилген 67 жаштагы Дамир Жунушов. Видео
Зинаида Лебедова азыркы кезде карылар менен иш алып барган беш коомдук уюмда ыктыярчы. 70 жашка чыкса да ал өз ишинен ырахат алат жана өзгөлөргө жардамы тийип жатканына кубанат.

Анын айтымында, адам дайыма сулуу жана позитивдүу болуп жүрүш керек. Бул себептен каарманыбыз ыктыярчы болуудан сырткары, активдүү жашоо образын тандап, коомдогу иш-чараларга жигердүү катышып келерин айтты.