Социологдор кайсы тармакта иштегендер үй-бүлөгө туруктуу болорун аныкташты

Адистер 1981-2000-жылдары никеге турган жубайларга байкоо салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Скандинавиялык социологдордун баамында кеңсе жумушунда иштөө түгөйлөрдү эки ача жолго түртөт. Бул туурасында РИА Новости Sciencemag журналына шилтеме берүү менен жазды.

Мындай иликтөөнүн негизи катары Дания мамлекетинин статистикасын алышкан. Бул жакта Скандинавиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу ажырашуулар көп катталат жана карьера курган ийгиликтүү аялдар көбүрөөк жашайт.

Индияда талак берип ажырашууга тыюу салынды
Адистер 1981-2000-жылдары никеге турган жубайларга байкоо салышкан. Анын натыйжасында 100 миң түгөй ара жолго түшкөнү айтылат. Кызыгы жогорку билимдүү эркектердин ажырашуусу мектепти же колледжди гана бүткөн тең-туштарына караганда эки эсе жогору болгон.

Мындан сырткары, жумушунда жаш кызматкерлер менен бирге иштеген аялдар да, эркектер да жан шеригинен кол үзүүгө барышат. Ал эми эркектердин арасында гана иштеген мырзаларга караганда, аялдар менен кызмат өтөгөн эркектердин үй-бүлөсүн таштап кетүүсү 15 пайызга жогору болот. Ушундай эле кырдаалда аялдардын 10 пайызы ажырашууга барган.

Ал эми үй-бүлөгө туруктуу деп китепканачы же фермер эркектер менен тоо өнөр-жай тармагында, фармацевтика жана чарба иштери менен алектенген аялдар көрсөтүлгөн.