Париждин көчөлөрүн аралаган көлөмдүү баатырлар. Видео

Видеодо баатырларга кызыккандар көп болуп, шаар тургундары алар менен сүрөткө түшүп жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Баатырларча кийинип, Париждин көчөлөрүн аралап жүргөн көлөмдүү жигиттердин видеосу Instagram социалдык тармагына жарыяланды. 

Видеонун алдында алар казакстандыктар экени жазылган.

Видеодо баатырларга кызыккандар көп болуп, шаар тургундары алар менен сүрөткө түшүп жатканын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулар жигиттер ушул жылдын май айында Канн кинофестивалында көрсөтүлгөн казак фильмин жарнамалоо үчүн чыгышты деп божомолдошууда.