Көзгө жаш алдырат. Өлгөн баласын тургуза албай айланчыктаган пилдин видеосу

Өлүп калган баласынын жанынан бир сутка кетпей туруп алган пилди үйүрүндөгү башка пилдер келип сооротту.
Sputnik

Жаныбардын аянычтуу окуясы 26-сентябрда Индиядагы токойлордун биринде болгонун CGTN телеканалы билдирди.

Түштүк Африкага кар жаап, пил менен акыралардын айласын кетирүүдө. Видео
Кадрдан жансыз жаткан баласын тургузууга аракет кылып жаткан пилди көрүүгө болот. Мындай кайгылуу окуяга жергиликтүү тургундар менен токойчулар күбө болгон.

Чогулган эл катуу үн чыгаруучу затты колдонуу менен чочутуп, өлгөн пилди энесинин алдынан тартып чыгууга аракет кылган, бирок андан майнап чыккан эмес, пил элди тоготпой туруп алган. Андан соң тобу менен келген 12 пил аны сооротконсуп тегеректеп турушкан. Акыр-аягы муңайган пил ал жерди таштап кеткени айтылат.