Башкы прокуратуранын өрттөнгөн мурдагы имаратынын ордуна бакча пайда болот

Эс алуу жайы 2019-жылдын аягына чейин ишке берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна шаардыктардын эс алуусу үчүн аянтча 2019-жылдын аягына чейин курулуп бүтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, жакында бишкектик архитекторлор арасында эс алуу аянтынын долбоору боюнча сынак жарыяланат.

"Бул жерде капиталдык курулуш болбойт. Шаардыктардын эс алуусу үчүн жашыл аянт куруу каралып жатат. Негизи эле жакынкы 7-8 айдын ичинде Бишкекте жашылдандырылган, спорт менен алектенүүгө ыңлайлуу аянттар көбөйтүлөт", — деди Түлөбаев.

Суракматов элдин өтүнүчүн угуп, эски скверди калыбына келтирмей болду
Эске салсак, аталган аймакка эс алуучу жай куруу пландалып жатканын ушул жылдын март айында "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынан айтышкан.

Белгилей кетсек, 2010-жылы 7-апрелдеги окуяларда толугу менен күйүп кеткен имаратты оңдоо үчүн тендер жарыялаган. Калыбына келтирүү иштерине Бишкек шаарынын бюджетинен 120 миллион сом бөлүү каралган.