Астанада 5-кабаттын терезесинде асылып турган киши көпчүлүктүн үшүн алды. Видео

Алдын ала маалымат боюнча аял терезени ачпай түртүп алгандыктан киши батирге кире алган эмес. Ал асылып турган жеринен кулап кете да жаздаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Казакстандын Астана шаарында болгон окуяны интернет колдонуучулар кызуу талкууга алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги билдирди.

Ага ылайык, окуя 29-сентябрда Астана шаарынын түштүк-чыгыш аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Видеодо 5-кабаттын терезесинин кырын кармап жардам сурап кыйкырып жаткан кишини көрүүгө болот. Бул учурда батирдин ичиндеги бирөө терезени ачпай түртүп алган. Акыр аягы терезенин кырын араң кармап турган киши батирге аман-эсен кирген.

Астана шаарынын ички иштер департаменти окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.