Дээрлик бир кылым мурда издөөгө алынган кылмышкерлердин сүрөтү

Sputnik

Кыргыздар жана Түркстан эли британиялык саякатчынын сүрөтүндө. 1880-жылдагы кадрлар
Түрдүү мүнөздөгү кылмыштарга тиешеси бар делген шектүүлөр ал учурда бардык автономдук облус, союздук республикаларда изделген. Алардын басымдуу бөлүгү алдамчылык, уурулук, талап-тоноочулук, документ жасалмалоого шектелишкен. Андан сырткары, абактан же аскер кызматынан качкандар дагы бар. Сот жообуна тартыла тургандар ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн болгон.

Маалыматтар Борбордук мамлекеттик архивде сакталган документтерден алынды.

1 / 12
Алдамчылыкка шектелген 31 жаштагы жаран
2 / 12
Оор кылмыш жасаган шектүүлөрдүн сүрөтү аймактык милицияга бат-баттан келип турган
3 / 12
Дүкөндө, үйлөрдө уурулук кылганга шектелген келин
4 / 12
Темир жолдо арам акча таап келген 40 жаштагы шылуун
5 / 12
Издөөгө алынгандардын айрымдары буга чейин бир нече жолу соттолгон
6 / 12
Кылмышкерлер автономдук облустарда, союздук республикаларда издөө салынган
7 / 12
Сот жообуна тартылуучулардын арасында абактан же аскер кызматынан качкандар дагы бар
8 / 12
Шектүүлөр ар кайсы улуттун өкүлдөрү болгон
9 / 12
Издөөдөгүлөрдүн көпчүлүгү алдамчылык, уурулук, талап-тоноочулук беренелери боюнча шектелген
10 / 12
Милиция издеген жарандардын катталган жана жашаган жери ар башка болгон
11 / 12
Документти жасалмалоо жана алдамчылык менен алектенген кылмышкер
12 / 12
Кээ бир кылмышкерлердин бир нече аты-жөнү болгон