Жекшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +23…+28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы +27…+29 градус болору айтылды.