Ал арактын бөтөлкөсү! Өзгөндө ажатканадан чыккан "алтындын" чоо-жайы

Алтын тапты делген кишилер ажаткана эмес, суу түтүгү орнотула турган жерди казып жатышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында ажаткана казуу учурунда алтын куймасы табылды деген маалымат жалган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган айыл өкмөттүн башчысы Кутман Эралиев билдирди.

Буга чейин ажаткана казып жаткан кишилер алтын куймасын таап алды делген видео ЖМКларга жана социалдык тармактарга жарыяланган. Анда эки киши бири-бири менен сүйлөшүп, жерде жаткан тик бурчтуу сары түстөгү нерсени алтын деп айтышкан.

Эралиевдин айтымында, айылдыктар бул видеону тамаша иретинде гана тартып, интернетке жүктөп коюшкан. Чынында алар ажаткана эмес, суу түтүгү орнотула турган жерди казып жатышкан.

"Окуя биздин айыл өкмөттүн Курбу-Таш айылында болгон. Жер казып жаткан кишилер ары жактан таап алган арактын бөтөлкөсүн алып келип тартышыптыр. Атайын тамаша иретинде эле тартышкан экен. Мунун баарын айыл башчысы менен сүйлөшүп тактадым", — деди Эралиев.

Ал ошондой эле видео мындан үч-төрт күн мурда тартылганын кошумчалады.