Ошто алты жашар баланы унаа сүзүп кеткен учур видеого түшүп калган

Наристени сүзүп кеткенден кийин жолтандабастын айдоочусу изин сууткан.
Sputnik

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Дөбө айылында жолтандабас 6 жаштагы баланы коюп кеткен учур видеого түшүп калган.

Кайгылуу окуя 27-сентябрда саат 18.50 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 649-чакырымында болгон. Анда Toyota Land Cruiser Pradо үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаш баланы койдуруп, изин суутуп кеткен. Ал эми наристе кырсык болгон жерден эле жан берген. Кийин "Перехват" планы жарыяланып укук короо органдары айдоочуга издөө салган.

Жумгал районунда машина оодарылып, бир киши каза болду
Бир суткадан кийин айдоочу облустук милицияга өзү келген

Ал укук коргоо органдарына көрсөтмө берип жатып, жаш бала жолго кокустан чыга калганын жана коркуп кеткендиктен из жашырганын айткан.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчыларынын колуна тийген видео наристени сүзүп кеткен учур экенин тастыктады. Видеодо көрүнүп тургандай, жолго уй чыгып жолтандабастын алдын тосуп калган. Аны айланып өтөм деген айдоочу баланы сүзүп алган.

Жол кырсыгы болгон жер видеокөзөмөлдөн алыс жайгашкандыктан унаа сүзгөн учур эптеп эле көрүнөт.