Ошто жаш баланын өмүрүнө забын болуп из жашырган айдоочу милицияга өзү келди

27-сентябрда Toyota Land Cruiser Pradо унаасынын айдоочусу жаш баланы коюп кетип, окуя болгон жерден из жашырган.
Sputnik

БИШКЕК. 29-сен. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Дөбө айылында жолтандабас 6 жаштагы баланы коюп кетип, из жашыган айдоочу өз ыктыяры менен колго түшүп берди. Бул туурасында Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирмеге караганда, 27-сентябрда саат 18.50 чамасында Toyota Land Cruiser Pradо унаасынын айдоочусу жаш баланы койдуруп, окуя болгон жерден из жашырган. "Перехват" планы жарыяланып укук короо органдары айдоочу издөөгө алынган. 

“Кырсыктын эртеси 28-сентябрда айдоочу өз ыктыяры менен Кара-Суу райондук милициясына келди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Унаасы айып короого токтотулган. Кылмышка шектүү 29 жаштагы Кара-Кулжа районунун тургуну экени аныкталды. Ал корконунан качып кеткенин айтты”, — деп билдирди маалымат кызматы. 

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.