"Казакстан сулуусу" министрдин орун басары болуп дайындалды

35 жаштагы Жулдыз Омарбекова казак өкмөтүндө мурда сулуулар сынагына катышкан жалгыз кызматкер.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. 1999-жылы "Казакстан сулуусу" сынагын жеңип алган Жулдыз Омарбекова Коомдук өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Instagram жылдызы Айжан Байзакова кош бойлуу экенин жар салды
16 жашында өлкөнүн эң сулуусу деп аталган Омурбекова Казакстан улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктаган, социология илимдеринин кандидаты.

2001-жылдан бери ал мугалим, аткаруучу директор болуп эмгектенип, акыркы жылдары "Бауыржан" кайрымдуулук фондун башкарган. Ошондой эле "Алтын журек" улуттук сыйлыгынын уюштуруу комитетин жетектеген.

2016-жылдын май айынан бери "Нур Отан" партиясынын Алматы шаардык филиалынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.