Сокулуктагы ишкана жылына 100 миң жуп бут кийим чыгара баштайт

Учурда бул фабрикада 40 адам иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Сокулук районундагы "Империал Групп Компани" бут кийим фабрикасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, быйыл ноябрь айынан тарта аталган ишканада жаңы долбоор ишке кирүүнүн алдында турат. Анда жылына 100 миң жуп аскердик жана жумушчу бут кийим чыгаруу пландалууда.

"Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн кончу узун бут кийимдерди жана адистештирилген жумушчу бут кийимдерди чыгаруу боюнча долбоорду каржылоого Кыргыз-орус фондунан насыя алынган. Долбоор жарандык жана атайын багыттагы бут кийимди өндүрүүгө, ошондой эле европалык деңгээлде жеткиликтүү баадагы сапаттуу бут кийимди импорттоого багытталган", — деп жазылат маалыматта.

Өкмөт башчы мындай долбоор өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү экенин айтып, ага өкмөт колдоо гана көрсөтөрүн баса белгилеген.

Кыргызстанда ири завод ачылып, 500 адамды иш менен камсыз кылат
"Империал Групп Компани" фабрикасы бут кийим чыгарууга адистешип, 2017-жылы февралда ишке киргизилген. Ал жакта роботтор жана санариптик технологиялар(Италия) колдонулуп, заманбап ата мекендик өндүрүш болуп эсептелет. Материалдар жана комплектөөчү буюмдар Россия, Италия жана Түркиядан алып келинип, сапатына жана экологиялык коопсуздугуна кепилдик берилет.

Учурда бул фабрикада 40 адам иштейт. Ишкана айына 3 миң жуп бут кийим чыгарат. 2017-жылы жалпы суммасы 52,7 миллион сомго 19,5 миң жуп бут кийим чыгарылган.