Бишкекте "БТА Банктын" жетекчилеринин бири колго түштү

Укук коргоо органдарынан маалымдашкандай, ага үч кылмыш иши козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте сентябрь айынын орто ченинде "БТА Банк" Жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов кармалган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, колго түшкөн адамга карата үч кылмыш иши козголгон. Алардын бири "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деген мазмундагы берене.

"Ошондой эле Темир Рыскулов буга чейин Максим Бакиевге таандык болгон "Идеал Хаус" комплексинин сатылышына тийштиги бар деп айыпталууда", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Темир Рыскулов убактылуу кармоочу жайда отурат. Тергөө амалдары уланууда.