Машыктыруучу Ажибеков: "Ак аюуну" ача албай койгонума өкүнөм

Дүйнөнүн жүз жолку чемпиону болсоң да, өз билгениңди башкаларга үйрөтө албасаң машыктыруучу боло албайсың. Себеби биринчи кезекте педагог болуу керек. Акжол Ажибеков дал ушундай адамдардын катарында.
Sputnik

Ажибеков 15 жылдан бери бокс боюнча машыктыруучулукту аркалап, көптөгөн спортчунун багын ачып, чебер кылган. Бирок анын өкүнгөн жагдайлары да бар. Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Спортчулардын үй-бүлөсүнөн окшойсуз?

— Тескерисинче спорт менен алектенгендер жок. Атам эрте кетти, апам медицина кызматкери, мени бышык болсун деп спортко берген. Мектеп курагында волейбол, баскетбол, футбол ойноп, күрөшкө катышчумун. Бирок 14 жашымда бокска келип, өзүмдү ушул чөйрөдөн таптым. Залга келгенде машыктыруучумду көрүп абдан таасирлендим. Ал булчуңдары чыккан, олбурлуу, муруту бар, тамашакөй, ачуусу чукул киши эле. Кыскасы кийин чоңойгондо ушундай киши болом дедим.

Бокс — чыдамкай балдар үчүн. Залга келгенде көп кыйынчылыктар болот. Биринчи кезекте психологиялык жактан кыйналасың, сени кысымга алышы мүмкүн, ар кимден сокку жейсиң, бети-башың көгөрөт, кээде сынап урушса, кээде чындап койгулашат. 

Заслуженный тренер КР Акжол Ажибеков

— Советтер Союзу учурунда боксчулар кандай тарбияланчу эле?

— Агезде бирдиктүү система бар болчу. Азыркыдай машыктыруучулар өз билгендей бала тарбиялаган эмес. Бизде спорттук илимий институттар, дене тарбия бөлүмдөрү активдүү иштеп, мыкты кадрлар даярдалчу. Спортчуларды машыктыруу бекер эле. Курама командага кирип, разряд толтурган балдарга ар жарым жыл сайын кол кап, формалар таратылчу. Биздин милдет машыгып, жакшы жыйынтык көрсөтүү болчу.

— Канча убакыттан кийин мелдештерге катышып баштадыңыз?

— Cовет убагында бокстан ийгилик жаратуу кыйын болчу, мелдештерден байгелүү орундарга ээ болуп жүрүп, 1996-жылы кикбокс боюнча КРдин чемпиону аталгам. Кийин машыктыруучу болгондо кемчиликтеримдин баарын изилдеп чыгып, балдарды тарбиялоодо өз ыкмамды иштеп чыккам.

— Машыктыруучулукту аркалаганда канчада элеңиз?

— 2003-жылы Бокс федерациясынын өкүлү Сейитбек Кулмашевге машыктыруучулукту аркалаганга кызыкдар экенимди айттым. Ал киши залымдын шартын, жөндөмүмдү байкаштырып жардам берди. Анда мен 30 жашта элем. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде архитектурадан сабак берчүмүн. Кийин аны таштап спортту тандап кеттим. Бирок архитектурадагы чийиндер бокста ыкмаларды ойлонуштурууга жардам берет. 

Заслуженный тренер КР Акжол Ажибеков

— Курама команданы машыктырган жылдар кандай өттү?

— Курамада алты жылдай иштедим. Учурда өзүмдүн машыгуучу жеке залым бар. Аны жыл санап отуруп өз колум менен салгам.

ММА мушкери Жээнбеков: атаандаш таппай кыйналып келем
Убагында мелдештерге барганда убактымды текке кетирчү эмесмин. Дайыма машыктыруучулар менен пикир алышып, бир нерсе үйрөнүп калууга далалат кылчумун. Мага кубалык боксчулардын бут менен жылып беттешкени кызык болду. Ошону изилдөөгө кызыгып, мелдеш бүткөндө өлкөдө калып калдым. Мага кошулуп дагы 5-6 мамлекеттин машыктыруучулары калды. Бардыгыбыз бир бөлмөгө чогулуп, мен аларга чай койсом, дагы бири токоч алып келип, түн жарымга чейин талкуу жүргүзчүбүз.

— Улуттук курамада кыздарды да машыктырган экенсиз, чебер наамына жеткендер болдубу?

— Биринчиден бокс менен алектенген кыздарга рахмат айтыш керек. Менде Үмүтай Айтиева деген күчтүү мушкер кыз бар эле. Үч жолу өлкө чемпионатын утуп, наам алган жок, мамлекеттен стипендия да берилбейт. Ага мелдеш учурунда атаандаштар аз болуп, жарым финалдан же финалдан баштап калган. Түшүнөм, бокста кыздар аз, кайсы ата-эне кызынын рингде мушташып жүргөнүн кааласын. Бирок күрөш спортундай эле стимул катары чебер наамын берип коюшса болмок. Кыз-келиндер арасындагы спортту өнүктүрүүгө да жакшы жардам бермек. Маселен чет жерде мелдештер кыздар жана эркектер арасында теңме тең өтөт. UFC уюмунда кыздардын беттеши канчалык популярдуу экендигин көрүп жатсаңыздар керек. 

Заслуженный тренер КР Акжол Ажибеков

— Эмне үчүн учурда бокс боюнча жалгыз Азат Үсөналиевдин жетишкендиги жогору? Ал Азия чемпиону жана Азия оюндарынын коло байге ээси. Мындан башка мушкерлердин ийгилиги болсо эл аралык турнирлер менен чектелет.

— Бокста атаандаштык күчтүү. Азия оюндарына эле отуз өлкө катышат, дүйнө чемпионатына катышуу үчүн тандоо турлары күчөтүлдү. Биринчиликке жетүү үчүн алты беттешти басып өтүү керек. Ал эми союз убагында 3-4 эле кармаш жетиштүү болчу. Маселен күрөштө андай талаптар жок.

Азат Усөналиев тууралуу айтсам, ал моралдык жактан күчтүү, кичинекей болгону менен кара күчкө толгон, эч нерседен жалтанбаган, бычакка сап жигит.

— Кайсы окуучуларыңыз менен төш кагып сыймыктанасыз?

— Мурда машыгып жүрүп кийин менин колума өткөн балдар толтура. Аларды жалгыз мен өстүргөм деп айтсам туура эмес болуп калат. Бирок жакшы эле жардам бердим деп ойлойм. Боксту нөлдөн баштап үйрөткөн окуучуларың көбүрөөк эсте калат экен. Нурлан Айдарбек уулу 2007-жылы дүйнө биринчилигине чейин катышып, спорт чебери наамын алган. Алгачкы окуучум болгондуктан ар дайым жадымда. Мындан сырткары, Ыктыяр Шабданбаев, Жаныбек Мусаев, Александр Панарин аттуу спортчуларды чебер кылдым. Кийинчерээк колума өткөн балдар бар, алардын катарында Эркин Болотбек уулу, Таир Исманов, Темирлан Осмонов, Фархад Юлбасаров, Мыктыбек Мамасалиев, Тилек Жээнбеков жана башкалар. 

Заслуженный тренер КР Акжол Ажибеков

— Сизди ММА жаатында жылдызы жанган Тилек Жээнбеков менен Мыктыбек Мамасалиевдин колун жакшылап коюп берген деп айтып жүрүшөт, атүгүл мелдештерде, маектерде өздөрү экинчи машыктыруучу катары сизди айтышат…

— Мен аларга бокстун мектебин үйрөттүм. Мыктыбекти тааныштары мага 2009-жылы алып келишкен. Ал табиятынан физикалык жактан өтө күчтүү адам, бирок бокстан толугу менен ача албай калдык. Мен өзүмдү күнөөлөп, абдан өкүнөм. Ал чемпион, спорт чебери болду, дагы да жарата турчу ийгиликтери көп эле. Абдан аракет кылдым, мындай адамдар болгон нерсесин ичине катат экен да. Кыскасы жан дүйнөсүн түшүнө албай калдым. Анүстүнө көп балдарды машыктырып, ага өзүнчө убакыт бөлүп сүйлөшө алган жокмун. 2013-жылы эрежесиз урушка кетип калды. Азыр анын беделдүү деген UFC уюмунда ат салышууга мүмкүнчүлүгү жогору.

Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
Тилек ачык айрым, чыдамкай жигит. Мен тажрыйбамда балдарды бышырыш үчүн атайын оор же ыңгайсыз көнүгүүлөрдү берип сынап көрөм. Тилек ийкемдүү, айтып койсоң жасай берет. Мыктыбек болсо айткан нерсең жакпай калса машыгууга келбей койчу. Тилек менен үч жылдан бери иштешип жатам. Негизи боксту түшүнүүгө эки жыл кетет, бут менен жылганды, урганды, коргонгонду үйрөнөсүң. Тилекке мындан ары өсүш гана керек.

— Түшүнүктүү. Спортчу үйрөнгөнүн мелдеште эмес көчөдө көрсөтүп, жаман жолго түшсө машыктыруучунун тилегинин таш капканы дейт. Окуучуларыңыз менен пикир келишпеген деле учурлар болсо керек да?

— Жакшы балам бар эле, бейбаштык кылганда залдан кууп чыккам. Ал гана эмес, балдарды тобу менен кубалап жиберген учурлар болду. Спортчуларга моралдык жактан тарбия берип турбаса жылдыз оорусу жабышып өздөрүнө ашыкча ишеним артып алышат.

Айта кетчү нерсе, окуучу менен машыктыруучунун ортосунда дистанция болушу керек. Баласы чемпион болгон агайлар аркасынан жалынып жалбарып чуркап алганын көрсөм ачуум келет. Ал деген сен тарбиялаган адам да, ошондуктан сен бийиксиң! Ордуңду билишиң керек. 

Заслуженный тренер КР Акжол Ажибеков

— Окуучуларыңыз жеңишке жеткенде көп кубанбайсызбы?

— Чеги менен, өзүмө абдан сынчылмын. Машыктыруучу ийгиликтерине маашырланып жүрө берсе, иш болбойт.

Утса да, утулса да бышактаган спортчулар болот. Андайларды көрсөм "жашыңды тый" дейм. Себеби бул спорттук этикага туура келбейт. Рингдин айланасында сенин душмандарың, сынчыларың отурат, кемчилигиң аларга көрүнбөшү керек. Жашоо ушуну менен бүтүп калбайт да.

Бир окуучум ыйлак эле, кезектеги мелдештен утулуп калып жүгүргөн боюнча кийинген жайга кетти. Билем, ал барып ыйламак. Жанымдагы кишилер тигиге эмне болду дешкенинен, "ажатканага шашып кетти" деп койдум.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
— Өлкөдө профессионалдуу боксту өнүктүргүм келет. Бул боюнча жакынкы жылдары Кыргызстанда мелдеш өткөрүп турайын деген планым бар. Муну менен балдарды элге тааныткым келет. Спортчуга жаш кезинде акча эмес, атак-даңк керек экен. Маселен ММАде беш-алты беттеш өткөргөн баланы эл тааныйт, ошол эле учурда бир нече жолу мелдешке катышкан балбанды эч ким билбейт. Бир ирет Ысык-Көлгө ММА жигиттери менен барып калдым, кафе-ресторандарга барса эшик ачык, пляждар бекер, чуркап шишкебек көтөрүп келип, сүрөткө түшүп жатышты. Боксчулар болсо "кимсиңер?" демек да, туурабы?

— ММАге өзүңүз кандай көз караштасыз?

— Жыгылып калса үстүнөн баса калып ургулаган спорчтулардын беттешин көрө албайм. Бокс менен салыштырып болбойт. Бирок бул ММА жаатындагы жигиттерди сыйлабайт дегенди билдирбейт.