БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террор уюмунун согуш жүрүп жаткан аймактарына Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын мыйзамсыз жиберүү аракеттеринин алдын алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек шаары менен Чүй облусунда кылмыштуу топтун мүчөлөрү О.Н. жана Ш.Н аттуу жарандар чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн. Ал эми чек ара кызматында иштеген С.М., К.А. жана А.О. аттуу кызматкерлер акча алып, аларга чек арадан өттү деп мөөр басып беришкен.
Учурда 7 факты аныкталып, дагы 10дон ашык учур текшерилип жатат. Булардын бардыгы Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү учурунда болгон.
4-сентябрда С.М. аттуу чек арачы эл аралык террордук уюмдун мүчөсүнө мөөр басып берип жаткан жеринен кармалган.
Аталган факты боюнча бир нече кылмыш иши козголуп, кармалгандар камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.