Мурдагы "Ирак сулуусу" ачык сүрөттөрүн жарыялагандан кийин атып кетишти. Сүрөт

Аны машинадан өлтүрүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Мурдагы "Ирак сулуусу" Тара Фарести Багдад шаарынан өз машинасынан атып кетишкенин "Известия" басылмасы жазды.

30 жаштагы модель кыздын денесине үч ок тийип, Зейид шейх ооруканасына жеткирилген. Айрым ЖМКлардын жазышынча, кыз эки жолу башка жана бир жолу көкүрөк тушка ок жеген.

Ирактын Ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайын иликтеп баштады.

Тара Фарес 2015-жылы "Ирак сулуусу" конкурсун жеңип, бир канча убакытка Европага кеткен. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ачык-айрым сүрөттөрүн жарыялап келгендиктен колдонуучулар арасында популярдуу болгон.