Кыргызстандык төрт спортчу Индонезиядагы Параазия оюндарына катышат

Параазия оюндарында Индонезиянын Жакарта шаарында 6-13-октябрь күндөрү болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Параазия оюндарына Кыргызстандан 4 спортчу катышат. Бул туурасында Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Параазия оюндарында Индонезиянын Жакарта шаарында 6-13-октябрь күндөрү болмокчу.

Анда кыргызстандык спортчулар спорттун пауэрлифтинг жана жеңил атлетика түрлөрү боюнча өлкө намысын коргойт. Делегациянын курамына 7 адам кирген.

Алар:

1. Айбек Бакасов — делегациянын жетекчиси;

2. Шейшенкул Бакиров — делегациянын расмий өкүлү;

3. Аднан Жабраилов — пауэрлифтинг боюнча машыктыруучу;

4. Жыргалбек Оросбаев — пауэрлифтинг боюнча спортчу;

5. Адилет Камчыбеков — пауэрлифтинг боюнча спортчу;

6. Максат Аргымбаев — пауэрлифтинг боюнча спортчу;

7. Арстан Базаркулов — жеңил атлетика боюнча спортчу;

Оюндарга катышуу үчүн Олимпиадалык эмес оюндардын түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында Параазия оюндары быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат. Анын алкагында 42 өлкө спорттун 18 түрү боюнча катышат.