Кыргыз кийимдери National Geographic сүрөтчүсүнүн көзү менен

Sputnik

Крис Рейнир буга чейин ондогон өлкөлөрдө болуп, быйыл Кыргызстанга келди. Ал негизинен жаратылыш менен элдин түпкү маданиятын кадрга түшүрүп, эмгектери дүйнө музейлеринде көрсөтүлүп келет. Ал кыргыздар улуттук кийимдерин сыймыктануу менен киерин байкаган.

"Мен Кыргызстанга 20 жылдан бери келүүнү пландап жүргөм. Максатым маданияты бай элдин кийимин сүрөткө түшүрүү. Көп жерде болдум. Айрым эл кийимин, баалуулуктарын сактай албай унутуп калганын байкадым. Бирок кыргыздар өздөрүнүн улуттук кийимдерин сыймыктануу менен киет экен. Кыргыз кийими оймо-чиймеси, жасалгасы, зер буюмдары менен өтө айырмаланып турат. Бул жактан тарткан сүрөттөрүмдү National Geographic журналына чыгарам. Ошондой эле музейге коюп, китепке кошобуз. Анткени мындай улуттук кийимдерди башка эл, кийинки муун көрүшү керек", — деди Крис Рейнир.

Кыргызстанга келген сүрөтчү өзүнүн тилегин "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырган.

Эми ал коңшу Тажикстан, Өзбекстанга да барып жергиликтүүлөрдү сүрөткө тартат.

1 / 11
Крис Рейнир: кыргыздар улуттук кийимдерин сыймыктануу менен киет экен
2 / 11
Чет өлкөлүк фотограф сүрөттөрүн National Geographic журналына жарыялайт
3 / 11
Элечек кийген сулуулар
4 / 11
Кептакыя кийген кыз-келиндер
5 / 11
Памирлик кыргыз эне кыздары менен
6 / 11
Фотограф 20 жылдан бери Кыргызстанга келүүнү пландап келген
7 / 11
Элечек — кыргыздардын улуттук баш кийими. Аны аялзаты турмушка чыккандан кийин кийген
8 / 11
Фотограф Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарындагы жергиликтүүлөрдү сүрөткө тарткан
9 / 11
Жаратылыш койнунда отурган кыз-келиндер
10 / 11
Кыргызстанда тартылган сүрөттөр чет элдик музейлерге коюлуп, китепке чыгарылат
11 / 11
Дүйнө кезген Крис Рейнир 35 жылдан бери даректүү фотограф болуп иштейт