Колуңду тарт! Жол эрежесин бузганы аз келгенсип сөгүнгөн айдоочунун видеосу

Ороңдогон айдоочу катышкан жол кырсыгынын видеосу интернетке жарыяланды.
Sputnik

Жол кырсыгы Токтогул менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Mitsubishi Outlander автоунаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, жол тыгынын пайда кылганын көрүүгө болот. Жабыркаган башка айдоочу аны менен сүйлөшүүгө аракет кылганда сөгүнүп туруп кетип калган.

Бишкек шаардык ЖКККББнын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине бул видео текшерилип жатканын маалымдады.