Кайра келбейм деген! Террорчуну КРге киргизди делген чек арачылардын сурагы

УКМК эл аралык террор уюмунун согуш жүрүп жаткан аймактарына Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын мыйзамсыз жиберүүгө аракет кылган чек арачылардын сурак берген видеосун жарыялады.
Sputnik

Анда кармалган кылмыштуу топтун мүчөсү да, үч чек арачы дагы мындай ишти кантип жүзөгө ашырууну пландап жатканын айтып беришкен.

ИИМдин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатып кармалды
УКМКнын малыматына ылайык Бишкек шаары менен Чүй облусунда кылмыштуу топтун мүчөлөрү О.Н. жана Ш.Н. аттуу жарандар чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн. Ал эми чек ара кызматында иштеген С.М., К.А. жана А.О. аттуу кызматкерлер жең ичинен акча алып, аларга чек арадан өттү деп мөөр басып беришкен. Бирок алардын өткөнүн жашырып, каттоого алышкан эмес.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында буга окшош 7 факты аныкталып, дагы 10дон ашык учур текшерилип жатат. Булардын бардыгы Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү учурунда болгон.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда С.М. аттуу чек арачы эл аралык террордук уюмдун мүчөсүнө мөөр басып берип жаткан жеринен кармалган.

Аталган факты боюнча бир нече кылмыш иши козголду. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү камакка алынды, тергөө жүрүп жатат.