Канаданын аскерлерине сакал коюуга уруксат берилди

Канаданын аскерлерине экинчи дүйнөлүк согуш маалынан бери сакал коюуга тыюу салынып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Канаданын коргоо министрлиги аскерлерге сакал коюуга уруксат берген атайын буйрук чыгарды.

CBC телеканалынын билдиришинче, аскерлер сакалын 2 сантиметрге чейин гана өстүрө алат.

Ала-Тоо аянтынан чуркап өткөн жүздөн ашык аскер кызматкери. Видео
Ал эми кекиртекке жана бетке чыккан сакал тазаланышы керек. Себеби аскерлер газга каршы беткаптарды кийгендиктен бет менен моюндагы сакалдан улам жылчык пайда болуп, жоокердин өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн.

Ошол эле учурда кургактагы, деңиздеги жана авиацияда кызмат өтөгөн аскерлерге да узун сакал коюуга тыюу салынган. Бирок диний ишенимден улам айрым учурларда кээ бир аскерлерге уруксат берилиши мүмкүн.

Канаданын аскерлерине экинчи дүйнөлүк согуш маалынан бери сакал коюуга тыюу салынып келген. Ал учурдагы кемелердин көбү дизель майы менен жүргөндүктөн алар кыйраган учурда май сууга куюулуп, аскерлердин сакалына жабышып кошумча коркунуч жараткан.