Дем алыш күндөргө карата аба ырайы. Тоолуу аймактарга кар түшөт

Өлкөнүн бардык аймактарында абанын температурасы нөлдөн жогору болот.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ишемби күнү, 29-сентябрда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, жекшембиде, 30-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Октябрда кар жаайбы? Кыргызстан боюнча бир айга карата аба ырайы
29-сентябрда Чүй менен Талас облустарында түндө 5…12, күндүз 21…26 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз күндүн табы 23…28 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 2…10, күндүз 18…23 градуска чейин жылуу болот.

30-сентябрда Чүй менен Таласта түнкүсүн 7…12 градус жылуу болсо, күндүз 22…27 градуска чейин жогорулайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 10…15 градуска чейин жылып, күндүз 23…28 градуска чейин ысык болот. Ысык-Көл менен Нарында түндө 2…11 градуска чейин жылуу болсо, күндүз күндүн табы 18…23 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми дем алыш күндөрү Ош менен Бишкек шаарларында түндө 10…14 градус жылуу болсо, күндүз 23…28 градуска чейин ысык болот.