Бишкек мэриясында иштегиңиз келеби? Шарттары

Мэриянын алдындагы башкармалыкта 20дан ашык вакансия бар.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек мэрия Капиталдык курулуш башкармалыгына жаңы кызматкерлерди ишке алат.

Суракматов элдин өтүнүчүн угуп, эски скверди калыбына келтирмей болду
Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, иш издеген адам Кыргызстандын жараны болуп (18 жаштан жогору), буга чейин соттолбогон болушу шарт.

Башкармалыкта жалпысынан 20дан ашык орун бар. Вакансиянын ичинде бөлүм башчы, башкы жана алдыңкы адистерге кызмат сунушталат.

Коюлган талаптардын толук версиясын мэриянын сайтынан окуй аласыздар.