Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмон менен жолукту. Сүрөт

Кыргызстандын президенти КМШнын саммитине катышуу үчүн Душанбеге барды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

1 / 3
Президент Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугушту
2 / 3
Жээнбеков Душанбеге бүгүн, 27-сентябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммитине катышуу үчүн барды
3 / 3
Кыргызстандын президенти Эмомалиге жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Тажикстандын 27 жылдык эгемендүүлүгү менен куттуктады.

Жээнбеков Душанбеге бүгүн, 27-сентябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммитине катышуу үчүн барды.

Кыргызстандын президенти Эмомалиге жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Тажикстандын 27 жылдык эгемендүүлүгү менен куттуктады. 

“Биз тарап кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүшүнө өзгөчө маани берет. Кыргызстан бардык жаатта кызматташып, элдин достук мамилесин бекемдегиси келет”, — деди Жээнбеков. 

Ошондой эле өлкө башчылар кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин күчөтүү керектигин белгилешти.