Радио

Талантбек уулу: өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук эки эсеге өстү

Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы иштөө, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Нуржан Талантбек уулу жашы жете электердин арасында адам өлтүрүү боюнча жалпы 5 кылмыш иши катталганын айтты.
Sputnik
Талантбек уулу: өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук эки эсеге өстү

Былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук эки эсеге жогорулады. Бул тууралуу Нуржан Талантбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун сап башында уурулук турат.

"2018-жылдын 6 айында алынган маалыматтар боюнча өспүрүмдөр арасында 955 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырганда эки эсеге жогору. 2017-жылдын биринчи жарымында жашы жете электер арасында 461 кылмыш иши катталган эле. Бул кылмыштын дээрлик 50 пайызга көбөйгөнүн далилдейт. Кылмыштын басымдуу бөлүгүн уурулук түзөт. Андан кийинки орунда тоноочулук, каракчылык, адам өлтүрүү фактылары. Жашы жете электер арасында адам өлтүрүү боюнча жалпы 5 кылмыш иши катталды", — деди Талантбек уулу.

Ал 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жашы жете электердин укугун коргоо боюнча 6724 мыйзам бузуу аныкталганын кошумчалады.