Европа менен КМШда өспүрүмдөр арасында арак ичүү азайды

Акыркы иликтөөлөр боюнча Улуу Британияда жана Түндүк Европадагы мамлекеттерде өспүрүмдөр арасындагы аракечтик бир кыйла азайган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Европа менен КМШдагы өспүрүмдөр арасындагы спирт ичимдиктерин ичүү азайды, бирок маселе дагы деле курч бойдон. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун докладында айтылганын "Известия" басылмасы жазды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2014-жылы 15 жаштагы кыздардын 9 пайызы, балдардын 15 пайызы ичкиликке берилген.

Арак түбүнө жетип бараткан өлкөлөрдүн рейтинги чыкты
Уюмдун Европадагы бюросунун директору Жужанна Якобдун айтымында, өспүрүмдөр үчүн деги эле спирт ичимдиктерин ичүү кооптуу жана коркунучтуу.

Ошондой эле 2014-жылы 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн 28 пайызы 13 жашында спирт ичимдигин татып көргөнү айтылган. Ал эми 2002-жылы бул көрсөткүч 46 пайызды түзгөн болчу. Акыркы иликтөөлөр боюнча Улуу Британияда жана Түндүк Европадагы мамлекеттерде өспүрүмдөр арасындагы аракечтик бир кыйла азайган.