Бул жолу редакцияга "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов баш бакты.
Эл өкүлү кесиптештери менен жасап жаткан иштери, партия лидери Өмүрбек Текебаев жана башка орчундуу окуялар тууралуу айтып берди.
— Алмамбет Насырканович, парламенттин VI чакырылышы өз мөөнөтүнүн жарымынан көбүн өтөп койду. Шайлоо алдында берген убадалардын кайсынысын аткарууга жетиштиңиздер?
— Биз Конституцияда көрсөтүлгөн милдет жана мүмкүнчүлүктүн тегерегинде элге берилген убадаларды аткарып жатабыз. Мисалы "Ата Мекен" парламентте азчылыкты түзгөн, оппозициялык фракция. Бирок ошол эле маалда бардык социалдык маселелер боюнча мыйзамдар аркылуу, сунушубузду билдирип, өз позициябызда туруп келе жатабыз. Айта кетсек, 2016-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип жатканда "Ата Мекен" фракциясы эң биринчи болуп каршы чыккан. Көп фракциялар коркконунан макул болушкан. Мына эми тарых өз баасын берип, ошондо Конституция туура эмес өзгөртүлгөнүн азыркы кырдаал көрсөтүп жатат. Айталы, өзгөртүлгөн Баш мыйзам боюнча соттор бийликтен көз каранды. Анткени азыр дисциплинардык комиссия аркылуу тил албаган сотторду жазалап кое алышат. Биздин концепция боюнча соттор көз карандысыз болуп, мыйзамга гана баш ийиши керек эле. Бул маселени биз ушул күнгө чейин айтып келе жатабыз.
— Кыргыз парламенти мыйзам чыгаруу жагынан алдыңкы мамлекеттерди артта калтырды. Бирок мыйзамдардын баары эле аткарыла бербейт. Сиздин оюңузча канткенде мыйзам кагазда эле калбай, элге иштейт?
— Жакшы суроо бердиңиз. Мен ар дайым мыйзам чыгаруу процессин сындап келем. Популизм менен же өкмөткө убактылуу бир мыйзам керек болгондо, анын келечегин карабай туруп кабыл алып коебуз. Жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер терс таасирин берип жатат. Ошондуктан ар бир мыйзамды 1-2 жыл парламентте, коомчулукта талкуулап, сунушталып жаткан мыйзам коомдун кайсы багытын жөнгө салса, ошол адистердин чөйрөсүндө талкуулап, башка мыйзамдар менен шайкеш келгендей кылышыбыз керек.
Бирок тилекке каршы мыйзам бүгүн сунушталса бир жумадан кийин, бир айдан кийин кабыл алынып жаткан учурлар бар. Ушул маселелерди көтөрүп чыгып, башкаруучу режимге жаман көрүнүп калабыз.
— Өткөн аптада "Өмүрбек Текебаев каза болду" деген жалган маалымат тарап кетти. Бул нерсе кимге керек боду деп ойлойсуз? Учурда анын абалы кандай?
— Мурдагы бийлик демекчи, Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев бир кезде үзөңгүлөш эле. Кийин экөөнүн ортосунда жарака пайда болду. Буга Өмүрбек Чиркешович өкүнбөйбү?
— Жок. Экөөнүн чыры эмнеден чыкты? Текебаев "Конституцияны оңдобо, сот реформасын талкалаба, мурдагы жан-жөкөрлөрүңдү жогорку кызматтарга койбо. Элдин деми менен келгенбиз, эл эмне дейт?" деди. Эми мунун аягы ушул менен эле бүтүп калбайт да. Ар бир адам өзү кетирген катасы үчүн жооп берет.
— Эл арасында "Өмүрбек Текебаевди мунапыс аркылуу бошотуу боюнча маселе каралып, бирок өзү "акталып чыгышым керек" деген жообу менен баш тартып койгондугу айтылып жатат. Бул чынбы?
— Бул эч кандай ушак эмес. Кубат Оторбаев акыйкатчы кезде президентке расмий түрдө "Текебаевге ырайым кылыңыз" деп кайрылган. Бирок өлкө башчы жооп бере электе эле Текебаев мындай кечиримден баш тарткан. Анткени президенттин ырайым берүүсү соттолгон адам кылмышты моюнга алды дегенди түшүндүрөт. Лидерибиз "мен эч качан кылмышты мойнума албайм, эртели-кеч акталам" деп айткан.
— Сиз мурдагы министр катары өкмөттүн азыркы түзүмүнө кандай баа бересиз?
Айыл-чарба министрлигин алалы. Приоритеттүү багыт деп кантип айтабыз? Министрликтин бар-жогу билинбейт. Тоо-кен тармагы улам бир коррупциялык иштерден башы чыкпайт.
— А парламентчи? Бир кезде Сапар Исаков аны "саясий өлүк" деди эле…
— Сапар Исаков эмоцияга алдырып айтып койду да. Мени премьерликтен алып салышты деп эле, ачууланды. Парламент — саясий өлүк эмес! Парламент — коомдун күзгүсү! Депутаттар өздөрү эле келип кабинеттерди ачып отуруп алган жок да. Аларды эл шайлады.
— "Ата Мекен" келерки парламенттик шайлоого катышабы?
— Кийинки парламентте болобузбу, жокпу аны биздин рейтингдер, шайлоо, элдин пикири көрсөтөт. Эгер биз парламентте болбой калсак да саясий активдүүлүктөн кайтпайбыз.