Башкы прокуратура: бир нече милиционерге кылмыш иши козголду

Окуя 12-сентябрга караган түнү Бишкек шаарында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен Биринчи Май райондук милициясынын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар кесиптеши кафенин коногуна ок чыгаргандыгы боюнча маалыматты жашырган деп шектелип жатканын Башкы прокуратурадан билдиришти.

12-сентябрга караган түнү Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндөгү кафеде уруш чыгып, шаардык криминалдык милициясынын кызматкери бир жарандын бутуна атып салган. Бишкек ИИББинен иш прокуратурага өткөрүлдү деп айтышкан.

"Жерине Биринчи Май райондук милициясынын ыкчам иликтөө тобу барган. Бирок кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, кылмыштын изин жашырып койгон. Мындан улам күнөөлүүлөргө карата чара колдонулган эмес", — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Өзүн атып алган. Москвада полиция кызматкеринин өлүмү боюнча жаңы версия айтылды
Ок чыгарган кызматкерге карата КРдин Кылмыш жаза кодексинин 234 (Бейбаштык), анын кылмышын жашырды делген кесиптештерине 304 (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренелери (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, жабырлануучу ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча күзөт бөлүмүнүн кызматкери болуп чыкты. Ал алган жараатынан улам Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жатат.