БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йорк шаарына катардагы каттам менен учуп барып, учакта кезиктирип калган кыргызстандыктар менен сүрөткө түшкөн.
Жээнбеков 25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясына катышып, Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн.
Саясат таануучу Темирлан Сарлыкбек уулу президент менен учактын ичинен селфи кылып, Жээнбеков аны жөнөкөйлүгү менен таң калтырганын жазды.
"Узун жолду кыскартып, "Манас" эпосу, тарыxый баатырлар жана окуялар жөнүндө айтып берип, болочоктогу чоң долбоордун алгачкы кадамын таштады", — деди ал.
КРдеги Кызыл ай коомунун жетекчиси Азамат Баялинов дагы өлкө башчы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, алар чогуу учкан борт Бишкекке конгонун жазган.
"Президент Нью-Йоркко кайсы учак менен учту деген суроолор болуп жатты эле. Көрсө ал катардагы эле каттам менен барыптыр. Азамат!", — деп жазды Баялинов.
Бул Жээнбековдун чет жерге карапайым элге аралашып учкан биринчи мисалы эмес. Буга чейин президент Москва шаарына катардагы каттам менен барып келген.