Радио

Атакулова: жашыл экономиканы ишке ашырууга конкреттүү кадамдар жасалбай жатат

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын юристи Асель Атакулова Кыргызстанда алты жылдан бери "Жашыл Экономика" форуму өтүп келерин айтты.
Sputnik
Атакулова: жашыл экономиканы ишке ашырууга конкреттүү кадамдар жасалбай жатат

Жашыл экономика долбоорун ишке ашырууга конкреттүү кадамдар жасалбай жатат. Бул тууралуу Асель Атакулова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы күнгө чейин жашыл экономика тууралуу элде толук маалымат жок.

"Кыргызстанда 2012-жылдан бери жашыл экономиканын принциптерине көмөк көрсөтүүгө жана ишке ашырууга аракеттер болуп келет. Бирок конкреттүү кадамдардын жасалбай жаткандыгынан улам натыйжалуу болбой жатат. Укуктук жөнгө салуучу системалардын жоктугу, мыйзамдагы кемчиликтер, бажы саясаты, таза технологияларга өтүүгө шарттардын жоктугу жашыл экономика долбоорунун ишке ашуусуна тоскоолдук жаратууда", — деди юрист.

Ал мындан сырткары, бул долбоор боюнча элде толук маалымат жоктугун жана 19-октябрда "Жашыл Экономика" форумунун ачылышы болорун айтты.