Улгайган аял 236 жыл мурун жазылган сүйүү катын таап алды

Ал баш катырма конверттин ичинде катылуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Улуу Британиянын Стаффордшир шаарында жашаган 73 жашар Энн Итон аттуу аял 1782-жылы жазылган сүйүү катын кокустан таап алды. Бул тууралуу Metro басылмасы жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык, алардын үйүндө муундан муунга берилчү Георгиана доорунан бери сакталып келе жаткан баш катырма конверт бар болчу. Мындай конверт 18-кылымда популярдуу болгон. Көпчүлүк учурда алар сүйүү каттарын жазганда, сүйүктүүсүнүн колун сураганда колдонулчу. Ал учурда сүйүүсүн ыр саптары жана көгүчкөн менен таш баканын сүрөттөрү менен билдиришкен. Жүрөктүн сүрөтү чапталган конверт кат жазган адамдын жүрөгүнүн символу болгон.

АКШ: мэр жылкысын жеп кеткен аллигаторду атып салды
Энн тапкан конверт апасынан калган мурас болчу, аны буга чейин эч ким ачкан эмес. Улгайган аял аны ачып, барактын ичинен жүрөк жылыткан катты көргөн. Анда ашык болгон жаш жигит кызына сүйүүсүн билдирген.

"Сүйүктүүм менин! Сиз колуңузда кармап турган жүрөк конвертти ачканда сынып кетет. Менин сүйүүгө толгон жүрөгүм да жараланып, сынып калган" деп башталган кат.

Жаш жигит сүйүктүү кызы анын жалгыз бакыты экенин айтып, бардык атаандаштарын жанына жолотпоосун суранган. Жигит сүйүктүүсү ага турмушка чыкмайынча артынан калбай турганын белгилеген.

Өткөн доорго таандык сүйүү катын улгайган аял аукционго коюп 200 фунтка (17,3 миң рубль) баалоону туура көргөн. Аукцион 15-октябрда башталат.