БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Оштогу эки заводдун ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Биринчи ишкана — Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан "Артель" деп аталган кир жуугуч машиналарын чогулткан кыргыз-өзбек заводу. Экинчиси — Жаңы-Арык айылындагы травертин ташын өндүрүү жана кайра иштеп чыгаруучу завод.
"Эки ишкананын ачылышы менен жумуш орундары түзүлүп, андан түшкөн салыктан жергиликтүү бюджет жакшырып, тургундардын айрым көйгөйлөрү чечилет", — деди Аскаров.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, "Артель" заводунун курулушуна Өзбекстандан 1 миллион доллар суммасындагы инвестиция тартылган. Болжол менен 50-60 киши жумуш менен камсыз болуп, жылына 50 миң кир жуугуч машина чыгаруу пландаштырылууда.
Ал эми травертин ташын кайра иштетүүчү заводдун продукция өндүрүүгө пландаштырылган көлөмү жылына болжол менен 150 миң чарчы метрди түзөт. Аталган ишканада да 50гө чукул адамга жумуш орундары түзүлмөкчү.