Кыргызстан 30 миллион доллар насыя алып, заманбап мектептерди курат

Эл аралык донор 30 миллион долларлык насыяны бир пайыздык үстөк пайыз менен берген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Кыргызстанда 27 мектеп курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Ош, Бишкек шаарлары менен ар бир облуста үчтөн заманбап мектеп салынат.

Агенттиктин алдындагы Координациялык топтун жетекчиси Ражабали Эркебаевдин айтымында, курулушка жалпы 30 миллион доллар жумшалат.

"Кыргызстан менен Сауд Аравия ортосундагы макулдашуунун негизинде өлкө аймагында 27 мектеп курулат. Ош, Бишкек шаарлары менен ар бир облус аймагына үчтөн билим берүү мекемесин салуу пландалган. Учурда консультациялык жана тиешелүү документтер даярдалып жатат. Мектептердин курулушун Сауд Аравия каржылап жаткандыгында эч кандай саясат жок. Анткени каражаттар насыяга алынды", — деди Эркебаев.

Мамкурулуш: Кыргызстанда быйыл жаңы мектеп куруунун зарылчылыгы жок
Ошондой эле ал курулуш иштери 2019-жылы баштала тургандыгын кошумчалады.

Сауд өнүктүрүү фонду 30 миллион долларлык насыяны бир пайыздык үстөк пайыз менен берген. Кыргызстан ал каражаттарды беш жылдан кийин төлөп баштап, 25 жылда кутулуп бүтүшү керек.