Үч баланын энесин өлтүрүп, Казакстанга кетип бараткан. Таластагы чуулуу окуя

Кылмышка шектүү Казакстанга такси менен бараткан, бирок ал чек арадан өтөөрдө милициянын кылтагына илинген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы үч баланын энесин өлтүргөн деп шектелип жаткан адам тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кененирээк айтып берди.

Нарматовдун үйүн тоноп, дагы башкасын жасады делген кишинин сурагы. Видео
Окуя 23-сентябрда кечки саат 20:00дөр чамасында болгон. Кылмышка шектүү көп кабаттуу үйдө жашаган 25 жаштагы келинди бычактап кеткен. Маалым болгондой, маркум күйөөсү менен ажырашып, үч баласы жана апасы болуп чогуу турушчу. Окуя болгон күнү үйүндө апасы да балдары жок болгон.

24-сентябрда шектүү чек арадан колго түшүрүлгөн.

Талас ОИИБинин маалымат кызматы билдиргендей, 34 жаштагы шектүү Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган.

"Колго түшкөн адам келин менен Бишкекте чогуу жашап жүргөн. Ортосунда балдары бар экен. Келин Таласка апасыныкына кеткенде аны шаарга алып келүү үчүн артынан жөнөгөн. Кызганычтын айынан экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, шектүү аялга бир нече ирет бычак урган", — деп жазылат маалыматта.

Милициянын маалыматында, шектүү изин жашырыш үчүн такси менен Казакстанга кетип калууну ойлогон, бирок чек арадан милициялардын кылтагына илинип калган. Ал күнөөсүн мойнуна алган, учурда тергөө амалдары уланууда.