Жээнбеков БУУнун баш катчысы менен жолукту. Эмне тууралуу сөз болду

Жолугушуунун алдында өлкө башчы уюмдун жазма китебине кол тамгасын калтырып, БУУнун ишине ийгиликтерди каалады.
Sputnik

БИШКЕК, 25-cен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында баш катчы Антониу Гутерриш менен жолукту. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Гутерриш өлкө башчы менен жылуу маанайда учурашып, Кыргызстан кыйын күндөрдү башынан өткөрүп гүлдөгөн демократияны кура алганын белгиледи.

"Кыргызстан — аймактары басымдуу кылган ажайып мамлекет. Анда керемет адамдар жашайт. Ошондой эле ич жылытып, демократиясы гүлдөгөн өлкө", — деди Гуттериш.

Өз кезегинде Жээнбеков 82 президент жана 45 өлкөнүн өкмөт башчылары катышып жаткан БУУнун сессиясы учурунда тыгыз графигине карабай жолугушууга убакыт тапканы үчүн Гутерришке ыраазчылык билдирди.

Президент Жээнбековду ташыган учакты алмаштыруу сунушталды. Себеби эмнеде
"Кыргызстан 2010-жылы оор кырдаалды баштан кечирип жатканда Эл аралык өнөктөштөрүбүз жана жеке өзүңүз жардамга кол сундуңуз. Мындан сырткары, 2017-жылдагы президенттик шайлоону өткөрүүдө шайлоо системасын ишке киргизүүгө абдан чоң көмөк көрсөттүңүз. БУУ тарабынан колдоого алынган долбоорлордун баары Кыргызстанда ишин ийгиликтүү улантууда, бул да биздин өлкөгө болгон өзгөчө мамилеңиздин далили", — деди Жээнбеков.

Жолугушуунун алдында өлкө башчы уюмдун жазма китебине кол тамгасын калтырып, БУУнун ишине ийгиликтерди каалады.

Белиглей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн кечээ, 24-сентябрда Нью-Йоркко барган.