Мишель Обама үлпөт тойдо тамадалык кылды

Видеодо АКШнын мурдагы биринчи айымы жаштарга ант берүү учурунда сөз сүйлөп жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын жубайы Мишель Обама Чикагодо жаштардын үйлөнүү үлпөтүндө алып баруучу болгонун TMZ порталы жазды.

Жылкы кымбаттады. Үйлөнүү тойдун быйылкы баасы канча?
Видеодон АКШнын мурдагы биринчи айымы жаштарга ант берүү учурунда сөз сүйлөп жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, жаш жубайлардын ата-энеси жогорку кызматтарда иштейт. Баланын атасы Чикаго шаарынын мэринин орун басары болсо, кыздын апасы Барак Обаманын кеңешчиси негиздеген фонддо эмгектенет.