Башкы штаб каза болгон курсант тепкичтен кулаган деп болжолдоодо

Жоокерди эртең менен эс-учун жоготуп жерде жаткан жеринен байкап калышкан. Ал дарыгерлер келгенге чейин жан берген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда каза болгон С. И. аттуу курсант өрт өчүрүүчүлөр үчүн орнотулган тепкичтен кулап кеткен деп болжолдонууда. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жоокер колунан ажыраган чуулуу окуя: аскер бөлүгүнүн командири иштен алынды
Бүгүн, 25-сентябрь күнү саат 7.00дөр чамасында курсанттар көнүгүү жасаган. Ал эми каза болгон жигит ден соолугуна байланыштуу андан бошотулган. Кийин ал эс-учун жоготуп жерде жатканын көрүшкөн. Мындан улам Тез жардам кызматы чыкырылган, бирок ал дарыгерлер келгенге чейин жан берген

Башкы штабдын маалыматына ылайык, курсант өрт өчүрүүчүлөр үчүн орнотулган тепкичтен кулап кеткен деп болжолдонууда. Мекеме тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу кошумча маалымат кийинчерээк берилерин маалымдады.