Прокуратура: министрлик диппастортторду өз кызыкчылыгына колдонгону аныкталды

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгына жараша министрликтин кызматкерлерине юридикалык баа берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери дипломаттык паспортторду жеке кызыкчылыктары үчүн колдонгонун аныктады. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Башкы көзөмөл органы аталган министрликке пландык текшерүү жүргүзгөндө "Тышкы миграция" мыйзамы, Дипломатиялык жана кызматтык паспорт жобосу боюнча бир нече мыйзам бузуулар аныкталганы айтылат.

"12-сентябрь күнү Башкы прокуратура тарабынан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин учурдагы жана иштен бошотулган кызматкерлерине жана адамдык ресурстар боюнча башкармалыктын бөлүм башчысына административдик укук бузуу боюнча өндүрүштүк иш козголду. Тийиштүү материалдар Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Лунара Мамытова командировкага мыйзамсыз чыкканбы? Министрликтин жообу
Текшерүүнүн алкагында аталган министрликтин жетекчилери дипломатиялык паспортторду өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуп жүргөнү аныкталган.

Учурда бул боюнча териштирүүлөр уланууда. Анын жыйынтыгына жараша министрликтин кызматкерлерине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова мамлекеттин эсебинен үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып жүргөнүн маалымдаган. Ал ошондой эле министрлердин орун басарларынын бири да (болжол менен Лунара Мамытова) мыйзам бузуп жүрүшү мүмкүндүгүн билдирген.