БИШКЕК, 25-cен. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда 2-курста окуган курсант каза болду. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, С.И. аттуу курсант 25-сентябрь күнү саат 7.00дөр чамасында көз жумган.
"Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Окуя Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына кабарланды", — деп жазылат маалыматта.
Ал эми Генералдык штабдын маалыматына ылайык, каза болгон курсант ден соолугуна байланыштуу эртең мененки көнүгүүлөрдөн бошотулган. Кийин ал эс-учун жоготуп жерде жаткан абалда табылган. Мындан улам Тез жардам кызматы чыкырылган, бирок ал дарыгерлер келгенге чейин жан берген.