Сооронбай Жээнбеков БУУнун сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко келди

Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йоркко келди. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ким Чен Ын Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду
Өлкө башчысы 23-сентябрда учуп кеткен болчу.

Ага ылайык, мамлекет башчысы БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат.

Андан сырткары визиттин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.