Радио

Шыкмаматов: парламентте болбой калсак да саясий активдүүлүктөн кайтпайбыз

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов аталган партия ар дайым өлкөнүн саясий жашоосуна жигердүү катышаарын айтты.
Sputnik
Шыкмаматов: парламентте болбой калсак да саясий активдүүлүктөн кайтпайбыз

Кийинки парламентте болбой калсак да саясий активдүүлүктөн кайтпайбыз. Мындай пикирин Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган партия шайлоо алдында гана эмес, өлкөнүн саясий жашоосуна тынымсыз аралашып келе жаткан бирден бир партия.

"Биздин фракция алдыдагы эки жыл аралыгында өзүнүн уставы, пландарына жараша иштейт. Ал эми кийинки шайлоого сөзсүз түрдө катышат. Парламентке өтпөй калсак да элдин саясий жашоосунда активдүүлүгүбүздү көрсөтө беребиз. Биз шайлоо алдында жайнап чыга келген партиялардан ушунубуз менен айырмаланып турабыз", — деди Шыкмаматов.

Ал кийинки шайлоодо кимдер болоорун убакыт көрсөтөөрүн кошумчалады.